Бүлүк түшүрүп, санаага салган бир жума. Шайлоодон кийинки 21 сүрөт

Sputnik

5-октябрда Бишкекте өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болду. Кечинде Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракеттен кийин милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталып, андан улам миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза тапкан. Түндө акцияга чыккандар парламенттин имаратын басып алып, андан соң Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаров жана башка камактагы саясатчыларды бошотушкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракети болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышты.

8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келген.

Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы

10-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди.

11-октябрда Жапаровду премьерликке бекиткен Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсиз деген депутаттардын тобу жаңы өкмөт башчынын чнчимдерин мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.

1 / 21
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.
2 / 21
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык босого ченинен 16 партиянын ичинен "Биримдик", Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өткөн.
Сүрөттө: ЖКга шайлооонун жыйынтыгында добуштарды саноо убагы.
3 / 21
5-октябрда Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партия өкүлдөрүнүн жана жарандардын митинги болду.
4 / 21
Нааразычылык акциясына миңдеген адам чогулган
5 / 21
Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракет жасалып, милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталды
6 / 21
Укук коргоо органдары менен митингчилердин кагылышуусу башталган убактагы митингдин катышуучусу
7 / 21
Түндө митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин айрымдары талап-тоноого жол бербөөгө аракет кылышты
8 / 21
6-октябрда таңга жуук Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыгып, төртүнчү кабаты күйдү
9 / 21
Бишкектин көчөлөрүндөгү милиция менен митингчилердин кагылышуусу түнкү 3:00дөр чамасында бүткөн
10 / 21
Укук коргоочулар атайын каражат колдонушса, акцияга чыккандар таш ыргытып жооп берип жатышты. Бир нече унаа талкаланган.
11 / 21
7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылган митинг өттү
12 / 21
8-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары менен аткаминерлердин люстрациясын талап кылган эки топтун ортосунда кагылышуу болду
13 / 21
5-6-октябрдан кийинки кагылышуудан жана Ак үйдү алгандан кийин милиция кызматын аткара албай калды. Шаарды кайтарууга элдик кошуун чыкты
14 / 21
Мародерлукту алдын алуу максатында элдик кошуун топтору түнкүсүн Бишкекти кыдырып турушту
15 / 21
9-октябрда УКМКнын абагынан 6-октябрь түнү бошотулган Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Медиафорумдун" алдына митингге чыгышкан
16 / 21
Митингден кийин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулуп, аянтка багыт алышты
17 / 21
Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Ошол убакта Садыр Жапаровду колдогондор Өкмөт үйүнүн алдында турушкан
18 / 21
Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган
19 / 21
10-октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөгө өзгөчө абал режими менен катар аскерлерди киргизген
20 / 21
"Ала-Тоо" аянтында тизилген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү
21 / 21
10-октябрда Жогорку Кеңеш "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди