Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев тергөө абагына киргизилди

Ниязов менен Сагынбаев 6-октябрь түнү митингчилер тарабынан түрмөдөн бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков жана жан сакчысы Канат Сагынбаев №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Үчөө тең 10-октябрда соттун чечими менен абакка отургузулган.

ИИМ: Атамбаевдин уулдары күбө катары кармалып, кайра коё берилди

Алар массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. 6-октябрдын түнүндө митингчилер Ак үйдү ээлеп алгандан кийин дароо тергөө абагынан чыгарылган. Ал эми Султанбеков камакка алынганга чейин эркиндикте болгон.