ИИМ "Ала-Тоо" аянтындагы окуя боюнча дагы эки адамды кармады

Эки күндөн бери ИИМ абактан бошотулган бир нече кишини кармаган. Алардын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары бар.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы митинг боюнча Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аларга Жазык кодексинин 264-беренесинин ("Массалык башаламандык") негизинде иш ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдашты.

"5-октябрдан 6сына караган түнү Бишкектеги митинг массалык башаламандыкка айланып, тергелип-камалып отургандар түрмөдөн бошотулган. Бул кылмыш ишин иликтеген ИИМдин ыкчам кызматкерлери эки кишини — Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимовду аталган министрликтин Тергөө кызматына алып келди", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ: Атамбаевдин уулдары күбө катары кармалып, кайра коё берилди

Ал түнү бошотулгандардын катарында Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков, Фарид Ниязов жана бир топ саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер болгон.

Эки күндөн бери ИИМ абактан бошотулган бир нече кишини кармаган. Алардын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын пикирлеши Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков бар.