Башка чапты. Бабановду жан сакчылары калкалап качкан видео тарады

Бабановдун артынан мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев менен Фарид Ниязовду алып кетишкени көрүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабановду "Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуу маалында бирөө башка чаап калган видео тарады.

Кадрдан Бабановду 10 чакты жан сакчысы калкалап, башын бекитип, тегерек четин курчап басып автоунаага салып кеткенин көрүүгө болот. Аны сабоого аракет кылгандарды бирөө "койгула" деп кыйкырып жатты.

Бабанов менен катарлаш мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев жана Фарид Ниязовду калкалап алып кетишкен. Андан ары алардын автоунааларына отуруп кеткенин көрүүгө болот.

Милиция аянттагы митингде аткылаган кишини издеп жатат

Эскерте кетсек, 9-октябрда кечке жуук "Форум" мекемесине чогулган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Эки жактан тең таш ыргытылып ызы-чуу башталган да, Жапаровдун тарапташтары аянтты ээлеп калган. Ал ортодо саясатчылардын автоунаасын белгисиз адам аткылаган.

Кагылышуунун кесепетинен беш киши жаракат алды. Алардын арасында башынан жаракат алган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы дагы бар.