Ошол эле учурда "Ала-Тоо" аянтында дагы бир митинг өтүүдө. Буга чейин "Форум" мекемесинин алдына чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келди.
Ушул тапта Бишкекте эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.