С-500 "Прометей" системасын РФ Коргоо министрлигинин полигондорунда сыноолор аяктап, ракеталардын тесттик кое берилиши бардык айтылган мүнөздөмөлөрүн тастыктап, өнөр жай сериялык өндүрүшкө даяр болуп калган чагы.
Сыноо эксплуатациясынан соң күчтөрдү массалык түрдө жабдуу башталат. Чет элдик буюртмачылардын С-300 жана С-400 учактарына суроо талабынан улам С-500дүн да эл аралык рынокто ийгиликтүү орун алышын болжоого болот. "Прометейдин" экспорттук дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.
Америкалык Military Watch аналитикалык басылмасы "Прометейдин" алгачкы беш потенциалдуу буюртмачысын аныктаган. Алардын арасында Алжир, Беларусь, Китай, Индия, Иран бар. Эмнеге дал ушул өлкөлөр? АКШнын жана бир катар батыш өлкөлөрүнүн милитаризациясы – НАТОнун мурдагы согуштук операцияларынан топтогон тажрыйбасы. Мындай келечек планета боюнча көпчүлүк коңшуларын (Россия жана Кытай эле эмес) кооптондуруп, абадан коргонуу улуттук тутумдарын чыңдоого түртөт. Ошондон улам россиялык өндүрүштөгү С-300, С-400 жана С-500 системаларына чет элдик буюртмачылардын саны мыйзам ченемдүү түрдө өсүүдө. Анткени бул тутумдар коркунучтардын кеңири түрлөрүнө автономдуу жана бирге аракеттешүү менен эффективдүү туруштук бере алат.
Россия жаңы Су-57син биринчилерден болуп кимге сатат?
Көз карандысыздыктын өрнөктөрү (үлгүлөрү)
Алжир россиялык курал тутумдарын кансыз согуш маалынан бери сатып алып келет. Бүгүнкү күндө да абадан коргонуунун жаңы тутумдарына, атап айтсак, "Панцирь" зениттик ракеталык-замбиректик комплексине, айрым маалыматтар боюнча, С-400гө да ээлик кылат. Military Watch басылмасы белгилегендей, алжирдик адистер россиялык абадан коргонуу тутумдарын айрыкча жогору баалашкан. Буга 2011-жылдын жай жана күз айларындагы коңшулаш өлкөсү Ливияга НАТОнун абадан соккулары себеп болгон.
Ал ортодо Батыш бешинчи муундагы истребитель, гипер үндүү учактарды кызуу пайдаланууга өткөнү турат (2020-жылдардын аягында). Согуштук коркунучтардын күч алышынан улам Алжир россиялык өндүрүштөгү С-500 системасын жана Су-57 учагын алууга кызыкдар.
Беларустун салыштырмалуу коргоо жаатына бөлүнгөн бюджети жупуну, 2020-жылга 623 миллион доллардын тегерегинде каралган. Антсе да Чыгыш Европадагы аскердик-саясий олку-солкулукту жана НАТОнун күчтөрүнүн беларустук чек араларына жакын жерлерде активдешүүсүн эске алуу менен Минск биринчилерден болуп "достукка таянган" баа менен С-500 системасын сатып алууга белсениши ыктымал.
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
"НАТОнун аймактарынын" тереңиндеги учак жана кыйратуучу авиациялык каражаттарга Беларустун сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү стратегиялык жактан Россияга да пайдалуу.
Россиялык абадан коргонуунун заманбап тутумдарын: С-300ПМУ-2 ЗРК, С-400 ЗРС, ошондой эле Су-27 жана Су-35 истребителдери үчүн "аба – аба" тибиндеги Р-77 ракеталарын алгачкылардан болуп Кытай сатып алган.
Кытайлык адистер өздөрү да бир катар натыйжалуу абадан коргонуу тутумдарын иштеп чыгышкан, бирок, баары бир космостук-абадан коргонуу тутуму жаатында Россия дүйнөлүк лидер бойдон кармалып турат эмеспи.
Жакынкы космос чегинен да, 100 чакырымдан ашуун бийиктиктен да бутасын "алып түшчү" "Прометей" Кытайдын элдик-куткаруучу армиясынын баалуу табылгасы болору шексиз. Америкалык жаңы муундагы куралдануу тутуму тарабынан кооптуулукту Пекин олуттуу баалайт.
Индия ондогон жылдардан бери россиялык курал тутумунун ири буюртмачыларынын катарында. 2018-жылы 5 млрд доллардан ашуун суммага келишим түзүлүп, С-400 "Триумф" ЗРСтин бир нече дивизионуна буюртма берген. Нью-Делинин стратегиялык ракеталарды жаратуудагы аракеттери С-500 системасын жайылтуу менен да натыйжалуу толукталышы ыктымал. Кооптуу аймактарда (WZ-8 учкучсузу бар кытайлык гипер үндүү аскердик учактары пайда болгон жерде) ал алмашкыс тутум болуп саналат.
АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?
Россиялык жогорку класстагы куралдарды сатып алууга батынса, Индияга америкалык экономикалык санкциялар менен бир топ опузалоолор болгон. Андай көрүнүштөр да Нью-Делини токтоткон эмес, андыктан, С-500 "Прометей" жаңы тутумун сатып алууга деле алардын коркутуулары таасир этери күмөн.
Иран 1988-жылдагы иран-ирак кагылышы аяктагандан бери эле советтик жана россиялык абадан коргонуу тутумдарына кызыгуусу күч. Иран армиясында ыраак аралыктан аракет этүүчү С-200, ЗРС С- 300ПМУ-2 өңдүү заманбапташтырылган россиялык тутумдар бар.
Тегеран С-400 "Триумф" системасынын буюртмачыларынын алдыңкы сабында. Бул аларга Жакынкы Чыгышта улам арбып бараткан АКШ жана НАТОнун "көзгө көрүнбөс" учактарына каршы туруу үчүн зарыл.
Келечекте Иран С-500 "Прометей" жаңы тутумуна да кызыгышы мүмкүн. Эске салсак, октябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тегеранга курал сатууга эмбарго мөөнөтү аяктады. Америкалык экономикалык санкциялар коркунучуна карабастан Россия Иран Ислам Республикасына курал сатуудан баш тартууга ниеттенбейт.
Космостук мүмкүнчүлүктөр
С-500 системасынын дүйнөдө теңдеши жок, муну РФтин да, чет элдик аскердик эксперттер да моюнга алат. "Прометей" "Триумфтун" (беш метрден 60 чакырымга чейин иштей турган) ордун алмаштырбастыгын, өтө узун аралыкта стратегиялык буталарды (жапыз орбиталык спутниктерди, гипер үндүү канаттуу ракеталарды, континенттер аралык баллистикалык ракеталарды, космостук учактарды, ДРЛО системасынын учактарын, оор бомбалоочуларды) талкалоого багытталганын эскерте кетели.
С-400 системасы ушул эле буталарды мындан азыраак бийиктикте жана аралыктан кыйрата алат, бирок, интеграцияланган системадагы абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу "Триумф" тутуму майда жана баалуулугу азыраак объектилерди, маселен, "көзгө көрүнбөс" истребителдерди, тактикалык баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жок кылуу үчүн кызмат өтөйт.
С-500дүн жогорку тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн космоско каршы коргонуу тутумунун биринчи муунуна киргизсек болот. "Прометей" 600 метрлик радиустан жана ушундай эле аралыктан бир убакта он чакты үндөн ыкчам (канаттуу жана баллистикалык ракеталарды), 200 чакырымга чейинки бийиктикте, саатына 25 миң чакырымга чейин ылдамдыкта учкан буталарды кыйратууга жөндөмдүү.
Бул F-22, F-35 жана B-2 учактарынын С-500дүн радарына байкалбастыгынан шек санаган америкалык адистерди абдан тынчсыздандырат. Кошмо штаттар чабуул коюучу космостук каражаттарды иштеп чыгууда, келечекте аларды Европада жайгашкан аскердик базаларды пайдалануу менен Россияга алдын алуучу сокку урууга колдонушу мүмкүн.
Бирок С-500 "Прометей" тутуму америкалык жаңы түзүлүштөрдү технологиялык жактан алда канча озуп кеткен. 600 чакырым – бул буталарды кыйратуунун чеги, ал эми С-500 андан алда канча узакты "көрө" алат. Мындай технологиялар аскердик иштеги чектерди узартышат. Мисалга, Крым жарым аралынан "Прометейлер" Кара деңизинин бүтүндөй акваториясындагы, Мрамор деңизинин, ошондой эле Болгария жана Румыниянын (Бухарестти кошо) аба мейкиндигин көзөмөлдөй алышат.
С – 500 Калининград облусунан согуштук кырдаалда Түндүк жана Балтий деңиздерин кошуп турган Скагеррак булуңундагы канаттуу ракеталарды жана "көзгө чалдыкпас" F-35 учактарын бура бастырбайт. Зарылдыгы жаралса Литва, Латвия жана Эстониянын чакан мейкиндигин айтпасак да, Берлин жана Дрездендин, бүтүндөй Польшанын үстүндө айланган аба буталары соо калчудай эмес. Бирок, эң оболу, С-500 жаңы тутуму – бул Батыш аскердик округунун күчтөрүн, ар кандай ыраактыктагы ракеталык комплекстерин жана Россиянын жайгашуу системаларын эффективдүү жайылтууну калкалай ала турган тосмо.
Командорго түшкөн россиялык десант жана Анадырдагы Ту-160. "Өнөктөштөргө" жооп
РФ Куралдуу күчтөрү "Прометейлердин" алгачкы үлгүлөрүн 2021-жылы алат. С-500, С-400 жана С-300 зениттик ракеталар системалары космостук аба коргоонун бирдиктүү (интеграцияланган) тутумуна кирет. Россияны ар кандай коркунучтардан натыйжалуу коргоп, чектешкен өлкөлөр жана аймактардагы туруктуулукту бекемдейт.
Андан соң Москва союздаштары жана санаалаш өнөктөштөрү менен коргонуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнөн бөлүшмөкчү. С – 500дүн буюртмачыларынын жогоруда аталган тизмеси узун болушу мүмкүн.
Ыраактан "алгырлыгы" менен айырмаланган "Прометейдин" артыкчылыгында шек жок. Өлкө аймагында абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуунун мындай тутуму кандай гана агрессор болбосун сестентпей койбойт.