Ошто Жээнбековду колдогондор бүгүн да митингге чыкты. Сүрөт

Бүгүн эртең менен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан. Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө. Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.

Аянтка 200гө жакын адам чогулган. Саат 11.00дө алардын ичинен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан.

Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.

Жээнбековго импичмент жарыялаш керекпи? Бабановдун пикири

Бирок, ага карабай, саат 12.20да элди жыйнап, микрофонду иштетип сүйлөй башташты.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-октябрда, ушундай митинг өтүп, 400гө чамалуу адам катышкан. Аянтта беш боз үй тигилсе, кайра кечинде экөөнү жыйнап кетишкен.