Бабановдун тарапташтары "Форумдагы" митингге кошулду

Бишкектеги абалды тынч деп айтууга болбойт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары шаардын ар кыл жерлеринде өтүп жаткан акциялардан түз алып көрсөтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Нааразычылык акциясына чыккан саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Медиафорумда" өтүп жаткан митингге кошулгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Ушул тапта Бишкекте эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.