Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов "Форумдун" алдына элге чыкты

"Форум" мекемесинин алдында мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп турат. Аларга Өмүрбек Бабановдун тарапташтары кошулду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Форумда" чогулган элдин алдына чыкты. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Ушул тапта Бишкек шаарындагы "Форум" мекемесинин алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп турат. Аларга "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов тарапташтары менин келип кошулду

Ушул тапта Бишкекте эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.