Атамбаев "Форумдан" жоон топ колоннаны баштап "Ала-Тоо" аянтына чыкты

Экс-президент Бишкектин борбордук аянтында тынчтык митинги өтө турганын билдирди. Ал ошондой эле парламентти шайлап, өкмөттү кураш керектигин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Форумда" чогулган элдин алдына чыгып сүйлөдү, сөзүн жыйынтыктагандан кийин колоннаны баштап "Ала-Тоо" аянтын көздөй жөнөдү.

Бишкек шаарындагы "Форум" мекемесинин алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Аларга "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен келип кошулду.

Ушул тапта Атамбаевдин тарапташтары 7-Апрель көчөсү менен ылдый түшүп келе жатышат.

Учурда Бишкекте эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.