Президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасап, ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөрүн билдирди.
Кайрылуунун видеосу КР президентинин YouTube-каналына жүктөлдү.
"Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкөбүз саясий туңгуюкка кептелгенине үч күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Бул кырдаалдын чечилишин менден талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм. Президент катары бул абалдан чыгууга күч аракетимди толук жумшоодомун. Ушул максатта бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам", — деди президент.
Ошондой эле ал азыркы абалдан чыгуу үчүн андан талап кылынган кадамдарга даяр экенин билдирди.
"Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыр болуп жаткан кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн тийиштүү Жарлыктарга кол коюшум керек. Саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл", — деди Жээнбеков.
Сөзүнүн аягында мамлекет башчы "элдин сабырдуулугуна таазим этип, саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөрүн" кошумчалады.
Кыргызстандагы абал
5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, милиция кызматкерлери аларды кууп таратууга аракет кылган. Түнкү саат үчтөргө чукул митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, алгач абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Бир нече саат ичинде мурдагы өкмөт башчылар — Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар — Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.
7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылган. Бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Көп өтпөй алар "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштап, өкмөт үйүндө талаш-тартыш болгон. Кечке маал Жогорку Кеңештин маалымат катчысы депутаттар бүгүн бир нече ирет жолугушууларды өткөргөнүн билдирди.