Элдик кошуун күзөттө турду. Өткөн түнгө сереп

Түндө өлкөдө абал кандай болду деп тынчсызданып жатсаңыз керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн түн Кыргызстанда кандай өткөнүн айтып берет.
Sputnik

Өлкөдө абал турукташа элек. Түнү менен элдик кошуун коомдук тартипке көз салып чыкканы айтылды.

Күндүз эле башталган Элдик координациялык кеңештин жыйыны түнгө жакын аяктады. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын жыйынга чогултууга аракет кылышты.

Саат сегизден өтүп калганда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков элге кезектеги кайрылуусун жасады. Анда мамлекет башчы азыркы абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетин жумшай турганын айтып, ал үчүн ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кошумчалаган

Элдик кошуун күзөттө турду. Өткөн түнгө сереп

21:00дөр чамасында Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан кармалганын УКМКдан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары жашыруун жыйын өткөрүүгө жетишти. Ар кандай пикирлер айтылды, бирок бир чечимге алар да келе алышкан жок. Алсак, жаңы тандалган спикер Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча документке кол койгон жок. Эл өкүлдөрү айрым депутаттар коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп жаткандыктан жолугушуу аягына чыкпай калганын айтышты.

Түндө өкмөт үйүнүн алдында абал тынч эле болду. Стратегиялык объектини элдик кошуундун 100гө жакын адамы кайтарып, аларга ыктыярчылар тамак-ашын ташып жатышты. 

Элдик кошуун күзөттө турду. Өткөн түнгө сереп

Түндө милицияга 2,5 миңден ашык ыктыярчы жардам бере турганын ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов айткан. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине мындан башка да көп кызыктуу маалыматтарды айтып, маек берди.

Элдик кошуун, ыктыярчылар түнү менен шаарды кайтарып, автоунаалардын номерлерин дагы текшерип жатышты. Анткени буга чейин калаада номери жок көлүктөр көп жүргөнү айтылган.

Ош шаарынын борбордук аянтына төрт боз үй тигилди. Аны тиккендер бул аракетинин себебин айтуудан баш тарткан

Элдик кошуун күзөттө турду. Өткөн түнгө сереп