Аялы үчүн бай болуп, журналистти коркутуп... Тилек Токтогазиев тууралуу 9 факты

Бүгүн өкмөт башчылык кызматты дагы бир адам мелжеп турат. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев колдоп чыккандарга премьердин ордун ээлегенге даяр экенин билдирди.
Sputnik

Эркиндикке чыккан саясатчы Садыр Жапаров бүгүн өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, ишин баштаганы маалым болду. Мындан сырткары, өкмөт башчы болуу ниетин жаш саясатчы Тилек Токтогазиев да билдирип чыкты. Редакция ал тууралуу 9 факты чогултту.

  • 30 жашта. 1990-жылы 29-декабрда Бишкекте туулган. Атасы юрист болсо, апасы кол өнөрчүлүк менен алектенген;
  • 19 жашында алгачкы бизнесин ачып, сүт коктейлин сата баштаган. Бирок бир айдан кийин күркөгө уурулар кол салып, акчаларды алып кеткен. Ата-энеси мындан көрө оку дегенине карабай ишкерликти алып кеткен; 

"Мекеним Кыргызстанда" экинчи турган Садалиев деген ким? Кызыктуу фактылар

  • Студент кезинде жаңы конушта иши жок отургандарга күнөскана ачканга жардам бере баштаган. Бул тууралуу "акыркы кийими болсо дагы сатып, балдарына нан таап бергиси келген аялуу көздөр дале жадымда" деп айтканы бар;
  • 2019-жылы "Бир Бол" фракциясынын атынан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине талапкер болгон. Бирок кызмат буюрган эмес;
  • Быйыл февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Европа мамлекеттери сыяктуу айып пулду рейтинг системасына алмаштырууну сунуштаган;
  • Бир ирет кышында Нарынга барганда катуу тоңуп калат. Жылынуу үчүн боз үйгө кирсе кичинекей эле меш бар экен. Ушундан тарта күнөсканаларын боз үйгө окшотуп, бирок узун кылып кое баштаган;
  • Төрт жыл мурда Россиядагы "Сколково" фонду студенттер жана жаш илимпоздор үчүн атайын сынак өткөргөн. Ага Токтогазиев күнөсканалардагы температура менен нымдуулукту көзөмөлдөө боюнча долбоор даярдап, мактоого арзып келген;

Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты

  • Шайлоо алдындагы жарышта журналист Болот Темиров иликтөө жүргүзүп, анда “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн мурунку чиновник Райым Матраимов менен байланышы тууралуу айтып чыккан. Буга байланыштуу Токтогазиев Темировду "маселени 5 мүнөттүн ичинде чечип коем" деп коркуткан видеосу жарыяланган; 
  • Мектепте окуп жүргөндө бир кызды жактырып калат. Бирок ага жакшылап көңүл бурганга чөнтөгү жука эле. Токтогазиев кыздар эрте турмуш куруп кетет деп шашылып, акча табуунун түрдүү жолдорун караштыра баштаган. Бул ага ишкерликке стимул болгон. 2012-жылы сүйүктүүсүнө баш кошкон.