Апта футболчусун аныктоо. Гүлжигит Алыкулов Сон Хын Минден да ат чабым алдыда

"Кайрат" клубу өткөн аптада башкы атаандашы "Астана" клубун 3:0 эсебинде уткан. Командага жеңиш алып келген үч голдун баарына тең кыргызстандык футболчу салым кошкон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" клубунун жарым коргоочусу, кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия футбол конфедерациясынын (АФК) "Аптанын футболчусу" наамына ат салышып, атаандаштарынан ат чабым алдыда келе жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

Англиянын Премьер-лигасында ойногон "Тоттенхэм Хотспур" клубунун оюнчусу Сон Хын Мин баш болгон азиялык 10 футболчунун катарында Гүлжигит Алыкулов 47 пайыз добуш менен алдыда келүүдө.

Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео

Алматынын "Кайрат" футбол клубу өткөн аптада өлкө чемпионатындагы башкы атаандашы "Астана" клубун 3:0 эсебинде уткан. Командага үч упай алып келген жеңиштин үч голуна тең кыргызстандык футболчу салым кошкон.

Гүлжигит Алыкулов бул беттеште Казакстан Премьер-лигасындагы жана беттештеги алгачкы голду киргизген. Айбол Абикен автор болгон экинчи голдук чабуулду да Алыкулов баштап, капталдан топту айып аянтына чыгарып берген. Ал эми үчүнчүсүндө кыргызстандык футболчу капталдан барып, айып аянтына тээп берген тобу атаандаштын коргоочусунун бутуна тийип гол болгон.

19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган.

Добуш берүү 10-октябрга чейин созулат. Күйөрмандар төмөнкү шилтемеге кирип Гүлжигит Алыкуловго добуш бере алышат.

Апта футболчусун аныктоо. Гүлжигит Алыкулов Сон Хын Минден да ат чабым алдыда