БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Альянс Алтын" компаниясы Жер-Үй алтын кениндеги ишти токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя болгон жерден видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Компаниядан билдиришкендей, Жер-Үйдүн өндүрүштүк аймагына белгисиз адамдар уруксатсыз кирип кеткен.
"Буга байланыштуу "Альянс Алтын" ЖЧКсы абал турукташканга чейин аталган жайдагы бардык жумуштарды токтотконго аргасыз", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанга тоо-кен тармагынан эң көп киреше түшкөн мезгил айтылды
Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.