Банкоматтар эмнеге иштебей жатканы айтылды

Ушу тапта өз эсебинен акча чыгара албагандар болууда. Адистин айтымында, коопсуздук үчүн банкомат өчүрүлүп, акчалар чыгарып алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эл банкоматтан акча чыгара албай жатканын Sputnik агенттигине бир нече банк тастыктады.

Маалымат агенттиктин кабарчысы ири делген банктар менен байланышып, сураштырган. Буга Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев кенен токтолду.

"Операциялар жүргүзүлбөшү үчүн бүгүн акчалар чыгарып алынып, банкомат өчүрүлдү. 2005-2010-жылдары эмне болгонун билебиз. Айрымдар банкоматтарды талкалап, тоноп кетишкен. Бул жагымсыз окуяларга байланыштуу жабдыктарды өчүрүп туруу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

КРде бардык финансылык операциялар токтотулду

Ал эртеңден тарта коммерциялык банктардын кеңсеси менен банкоматтар иштей башташы мүмкүндүгүн кошумчалады.