Дастан Жумабеков кызматтан кетүүгө арыз жазды

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, түндө Ак үйдү алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу "Достук" мейманканасында өткөн депутаттардын кезексиз жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Спикерликке Мыктыбек Абдылдаев сунушталып, добуш берүүчү бюллетендер даярдалып жатат.

Депутаттардын кээси ишеним кат жазып берген, мындан улам ушу тапта жыйында 62 эл өкүлүнүн добушу саналууда.