Бишкекте уюлдук байланыш калыбына келди

Уюлдук байланыш өчүп калганда MegaCom компаниясы Twitter аркылуу үн катып, байланышты калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында мобилдик байланыш калыбына келди.

Мындан бир нече саат мурда, тагыраагы, эл менен милициянын тирешүүсү күч алып турганда, Бишкекте Megacom, О жана Beeline уюлдук байланыштары иштебей калган.

Эске салсак, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Милиция аларга бир нече сааттан бери каршылык көрсөтүп, акыры митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына басып киришти.