Таласта дагы митинг башталды. Сүрөт

Каршылык акциясына 500дөй киши топтолду. Төрт партиянын өкүлдөрү 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Талас шаарынын чок ортосунда жайгашкан Медетбеков атындагы драма театрынын алдында нааразычылык акциясы башталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, аянтка "Республика", "Бир-Бол", "Ата Мекен", "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү келишкен. Акцияга 500дөй адам катышууда.

Аталган партиялар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө. Бул боюнча резолюция кабыл алышмай болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо таза өтпөгөндүгүн билдирип, бир катар партиялар Бишкек шаарында дагы митинг өткөрүп жатышат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.