БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдына митинг өткөрүп жаткан "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтын көздөй жөнөштү. Бул тууралуу жеринде иштеп жаткан кабарчы билдирди.
Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөрүүдө.
Эки топ тең 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылышууда.
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.