Ош шаарынын 3020 жылдыгы кандай өттү. Сүрөттөр

Кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат. Эпидкырдаалга байланыштуу жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн, 5-октябрь күнү, Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленгенин ордо калаанын муниципалитети кабарлады.

Майрамдык иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышкан.

Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү эң негизги багыт экендигин белгилеген.

"Ош шаарында биринчи социалдык объектилерге басым жасалууда. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча колдонууга берилип, дагы үчөө курулуп жатат. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен мектептер курулууда, эс алуу жайлар колдонууга берилип жатат. Эң негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуш менен күрөш уланууда. Ош шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда", — деген Сарыбашов.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар болбой турганы айтылды.

Борбордук аянтта гана концерттик программа менен коштолгон чакан иш-чара өттү. Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт уюштурулган.

Белгилей кетсек, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.