Бишкекте экинчи митинг башталды. Сүрөттөр

Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүккө чакырууда. Ал жерге 500дөй адам чогулганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте экинчи нааразычылык акциясы башталды. Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдына "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү чогулганын жеринен кабарчы билдирди.

Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүккө чакырууда. Ал жерге 500дөй адам чогулганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөрүүдө.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.