“Ала-Тоо” аянтында кулак тундурган граната жардырылууда

Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ак үйдүн алдына барып, тосмону жулкулдаткан митингчилерди таратуу үчүн кулак тундурган каражаттарды жардырып жатышат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Бир нече мүнөт мурда чогулган эл Ак үйдүн алдына барып, тосмого чейин чыккан. Ошол эле учурда тосмонун ичине таш ыргытуулар дагы болгон

Азырынча Ак үйдүн аймагына киргендер боюнча маалымат жок.