Өкмөт: жарандарды коркутуп-үркүтүү менен добуш бердиртүүгө эч кимдин укугу жок

Вице-премьер жарандардын добушунан элдин жана өлкөнүн келечеги көз каранды экендигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Эч кимдин жарандарды шантаж, кысым же коркутуу жолу менен кайсы бир партияга добуш бердиртүүгө укугу жок. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер Акрам Мадумаров билдирди.

Ал парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин чечүү жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча республикалык штабдын атынан жарандарды шайлоо укугун колдонууга чакырды.

Вице-премьер: интеграциялык процесстер өлкө эгемендигине коркунуч келтирбейт

"Пара берүү, шантаж, коркутуу, ынандыруу же кысым көрсөтүү жолу менен эч ким сизди белгилүү бир партияга же талапкерге добуш берүүгө мажбурлай албайт. Сиздин добушуңуздан келечегиңиз, балдарыңыздын, неберелериңиздин жана өлкөнүн келечеги көз каранды. Шайлоо участогуна келгенде ушуну эсиңизден чыгарбаңыз", — деген Мадумаров.

Ошондой эле вице-премьер шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат берип өткөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда, саат 8:00дө Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлерге добуш берүү башталды.