Шайлоого 43 мамлекеттен келген 277 байкоочу көз салууда

Эл аралык байкоочу чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан келип, мыйзамдуу түрдө шайлоо менен референдумдардын даярдыгына, өтүшүнө байкоо жүргүзгөнгө укуктуу адам.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин шайлоосуна 277 эл аралык байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эл аралык байкоочу болгон 277 киши 43 мамлекеттен келген. Алар 33 уюмдун өкүлү. Ошондой эле 77 жарандык уюмдан тышкары 16 саясий партиянын байкоочулары байкоо жүргүзүүдө.

Коомдук байкоочу — бул КРдин коммерциялык эмес уюмунан дайындалган адам шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүүнүн өткөрүлүшүнө, алардын жыйынтыгын аныктоого жана билүүгө байкоо жүргүзөт.

2020-жылкы парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат?

Эл аралык байкоочу — чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан келип, мыйзамдуу түрдө шайлоо менен референдумдардын даярдыгына, өтүшүнө байкоо жүргүзгөнгө укуктуу адам.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо.

Өлкө аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жүргүзгөн тексттик трансляциясынан билүүгө болот