БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаарынын көпчүлүк шайлоо участкаларында шайлоочулардын узун кезеги түзүлүп калды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Жалпысынан Ошто 86 аймактык шайлоо участогу ачылган. Шаарда 179 972 шайлоочу бар.
Көпчүлүк участкада саат 8:00дөн тарта 200-300 кишиге жеткен кезек пайда болду.
Милиция вирустун жайылып кетишин алдын алуу үчүн социалдык аралыкты сактоого чакырууда. Бирок кадрларда көрүнүп тургандай, кишилер бири-бирине жакын турушат.
Мыйзам бузуулар болсо чалгыла! Добуш берүү күнү өкмөттө call-борбор иштейт
Ош облусу тууралуу айта турган болсок, аймакта 506 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Аларда 680 миң жаран добуш бериши керек.