"Галочка" төрт чарчыдан чыгып кетсе добуш эсептелеби? БШК жооп берди

Парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда, өтөт. Бүгүн өлкө аймагында шайлоонун алдындагы жымжырттык күнү, тагыраагы, партиялардын үгүт иштери токтоду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Белги (галочка) төрт чарчынын чегинен чыгып кетсе бюллетень жарактуу деп табылар-табылбасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын эксперти Улан Мурзаев айтып берди.

Ал белгилегендей, ар бир бюллетенди толтуруунун эрежеси бар.

"Эгер белги төрт чарчынын чегинен чыгып, бирок башка рамкага тийбесе, анда бюллетень жарактуу деп саналат. Ал эми белги аз да болсо жанындагы рамкага тийип кетсе, бланк таанылбаган бюллетендердин катарына түшөт", — деди Мурзаев.

Ал ошондой эле добушту автоматтык түрдө санаган АСУ урнасына талаштуу меселелерде чечим кабыл алдырбай турган функция киргизилгенин белгиледи. Себеби ар бир бюллетень боюнча чечимди комиссия мүчөлөрү карашы керек.

Бишкекте эл добуш бере турган жайлар дезинфекцияланууда

Мындан тышкары, Мурзаев соцтармакта шайлоочуларга сыясы өчүп кала турган калем саптарды берип коёт деген маалыматты четке кагып, шайлоо үчүн капилляр калемдери сатып алынганын билдирди. Мындай калем саптар тез кургап, сканердин бетин булгабайт.

Буга чейин Sputnik агенттиги БШК менен чогуу бюллетендеги сыянын өчөр-өчпөсүн текшерүү үчүн эксперимент жасаган.

Парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда, өтөт. Бүгүн өлкө аймагында шайлоонун алдындагы жымжырттык күнү. Добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде талапкерлер үгүт иштерин жасабайт.