Баткен облусу, Ош, Жалал-Абад шаарларында көчмө урна менен добуш берип жатышат

БШКнын маалыматы боюнча, парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Баткен облусу, Ош, Жалал-Абад шаарларында көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жаткандыгын аймактагы кабарчы билдирди.

Баткен облусунда ден соолугунан улам шайлоо участкасына бара албай турган 1351 жаран бүгүн, 3-октябрда, көчмө урна аркылуу добуш берүүдө.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бардык тийиштүү шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалашты.

Бишкекте эл добуш бере турган жайлар дезинфекцияланууда

Ал эми эртең, шайлоо күнү, коомдук тартипти камсыз кылууга дубан боюнча 622 милиция кызматкери тартылган. Баткен облусунда 284 265 шайлоочу келип добуш бериш үчүн 215 шайлоо участкасы иштемекчи.

Ош шаарынын аймагында жашаган 2866 жаран өзү жашаган аймактагы шайлоо участкасына келип добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Шайлоо участкаларынын комиссия мүчөлөрү байкоочуларга кошулуп, көчмө урна менен добуш бере турган 2866 жарандын ар биринин жашаган дарегине барышууда.

БШКнын Ош аймагындагы өкүлү Расул Кадыровдун айтымында, Ош шаарында 86 шайлоо участкасы бар.

Жалал-Абад калаасында шайлоо участогунан тышкары добуш берүү боюнча 643 адамдан арыз түшкөн. Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Дамир Жүндүбаев аталган шаарда шайлоо тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар көчмө урна аркылуу добуш берип жаткандыгын билдирди. Жалал-Абад шаарында 55 миң 71 шайлоочу бар. Калаада 28 шайлоо участкасы иштеп жатат.

Эске салсак, эртең, 4-октябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Соңку маалыматтар боюнча, парламенттик шайлоого барып добуш берүү үчүн 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталган.