Россиялык журналисттер Жогорку Кеңешке экскурсия жасашты. Сүрөт

Кабарчылардын тобу Кыргызстанда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн келишкен. Аларды президенттин, парламенттин аппараты тосуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиянын бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имаратын көрүп чыгышты. 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн келген россиялык журналисттер Кыргызстандын бир катар аймактарында болушту.

Алар үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулуп, журналисттер пленардык жыйын өтүүчү залды, китепкана, маалымат борборун жана Баш мыйзам менен мамлекеттик тууну көрүп чыгышкан.

ЖМК өкүлдөрү менен ошондой эле президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев да жолукту. Ал РФ журналисттерине ыраазычылык билдирип, экономика жаатындагы кыргыз-орус алакасы жана Россиядан инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып берди.

Акрам Мадумаров ЖКга талапкерлер Россияга кандай көз карашта экенин айтты

"Россия биздин негизги стратегиялык жана экономикалык өнөктөшүбүз болуп саналат. Бул сырткы экономикалык ишмердүүлүктүн башкы приоритеттеринин бири", — деген Иманалиев.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россия энергетика, айыл чарба жана башка бир катар чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду активдүү ишке ашырып келгенин кошумчалады.