БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Коронавирусту жеңүүгө медиктердин жалгыз алы келбейт, ооруну алдын алып, аны жеңүү үчүн коомчулук да кошо киришип, жапа тырмак каршы турушубуз керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Ал ооруга каршы турууда медиктер менен кошо эл да чоң роль ойной турганын белгилеп, бул үчүн той-аштарды өткөрүүнү токтото туруп, коомчулук санитардык талаптарды так аткарышы абзел.
"Айрым өнүккөн мамлекеттерде коомчулук кошо аракет кылып, тартипти так сактап ооруну жеңүүдө. Азыр бизде коронавируска каршы туруу үчүн адистер окутулуп, дары-дармектер сатып алынып, кампаларга коюлуп жатат. Ооруканалар курулуп, керектүү медициналык шаймандарды алып даярдык көрүп жатабыз. Бирок бул чоң күрөштө баарыбыз бирдей аракет кылышыбыз керек. Медицина тармагы аракет кылууда, бирок эл бет кап тагынбай, той-аштарга, массалык иш-чараларга барып жатат. Санитардык талаптарды аткаргандар аз. Медиктерге баарын үйүп койбой, коомчулук кошо жардам бергиле. Муну экинчи толкундун алдын алуу үчүн аргасыздан айтып жатам. Элди өз өмүрүбүзгө өзүбүз кам көрөлү деп чакырып кетет элем", — деди Үсөнбаев.
Ал той-аштар салынган айып пулга карабай өтүп жатканын айтып, элди этият болууга үндөдү. Ошондой эле мүмкүн болушунча сасык тумоого каршы эмдөө алууга чакырды.