УКМК: Финполдун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген башка кызматкерлер такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жеке компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш ишин алардын пайдасына чечип берүүнү убадалап, пара талап кылып жаткан Финансы полициясынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"2-октябрь күнү аталган кызматтын Өздүк коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында М.К.К. аттуу улук ыкчам кызматкер 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген башка кызматкерлер такталып жатат.