БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жүрүшүндө Баткен облусунун тургунунан 1 килограмм 938 грамм салмактагы нашаа табышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мобилдик ыкчам топ баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында атайын операция жүргүзгөн.
Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж
"Ыкчам-тергөө амалдары Баткен облусунун Кадамжай шаарында жүргүзүлүп, анын натыйжасында 41 жаштагы У.З. аттуу жаран кармалды. Анын жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар каражат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы нашаа экенин көрсөттү",— деп жазылат билдирүүдө.
Аталган факт КРдин Жазык кодексинин 268-беренесинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.