Венгрияга барган Жээнбеков Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Эстелик венгерлердин мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барды. Кимдер коштоп жүрөт

“Мамлекет башчысы венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды. Баатырлар аянты - Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Эстелик венгерлердин мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен коллонада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.