Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Пульмонолог адамдар биринчи белгилерге көп маани бербей, аларды этибар албай жүрө берерин айтып, кийин өпкөнү дарылоодо кыйынчылык жарата турганын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиялык дарыгер-пульмонолог Сергей Пурясев "Говорит Москва" радиостанциясына маек берип жатып өпкө оорусунун алгачкы белгилерин атаган. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Дарыгердин айтымында, адам энтигип, жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлдөн какырык чыга баштаган учурда тезинен ооруканага кайрылышы керек. Пульмонолог аталган белгилер өпкөнүн жабыркай баштаганынан кабар берерин билдирди.

Пурясев энтигүүсү өнөкөткө айланып калган адамдар өпкө дартына кабылганын кантип айырмалай билсе болорун түшүндүргөн.

"Буга чейин энтигип жүргөн адамдар өпкө оорусунун энтигүү белгисин дароо айырмалай алышат. Мисалы, ага чейин алар машыгып, көп басып, айтор, күч келгенде гана энтиксе, өпкө дартына кабылганда энтигүү дароо өзгөрүп, бат-баттан кармай баштайт", — деди адис.

Сасык тумоо жана COVID менен бир убакта ооруган канчалык кооптуу? Дарыгердин ою

Пульмонолог адамдар биринчи белгилерге көп маани бербей, аларды этибар албай жүрө берерин айтып, бул кийин өпкөнү дарылоодо кыйынчылык жарата турганын эскерткен.