Депутат болгум келет. Өкмөттө иштеген 140 кызматкер шайлоого катышууда

Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын так аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилеп өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген 140 кызматкер парламенттик шайлоого талапкер катары катышууда. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу ээлеген ордундагы ыйгарым укуктары токтотулганы айтылды.

Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү. Ошондой эле мамлекеттин 30 пайыздан жогору үлүшү бар ишкананын жетекчилери да талапкер катары катталса кызматтан четтеп турушу керек.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин 85 депутаты шайлоого аттанганы маалымдалды.

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

Башкы прокуратура "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын так аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилейт.