Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду

БШКнын төрайымы ички жана сырткы миграцияны эске алуу менен №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 жаран №2 формасын алды.

Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйынында билдирди.

Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

Ал ички жана сырткы миграцияны эске алганда №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

"2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 297 327 жаран №2 форманын негизинде добуш берген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого 325 461 кыргызстандык №2 форманы алуу менен катышкан", — деди Шайлдабекова.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду.