Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

Президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен Улуттар Уюмусуз элестетүү мүмкүн эместигин, бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калганын баса белгиледи. Анын пикиринде, БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
“Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилекке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардам биз үчүн чоң мааниге ээ”, — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент пандемия тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырганын белгиледи.

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
"Биз “Чоң жыйырмалыктын” жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз”, — деди өлкө башчы.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле президент Кыргызстан Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактаарына токтолду.

Президент аны менен катар экологиялык маселелер боюнча Кыргызстанда кылынып жаткан иш-чаралар тууралуу кеп кылды.

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
“Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнү көздөйт. Биз таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана “CASA-1000” эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз. Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт”, — деди президент.

Маалыматка караганда, Кыргызстан Башкы Ассамблеянын бул сессиясына “Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор” аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты. Өлкө башчы БУУда Кыргызстандын демилгеси колдоого алынарына ишеним артарын айта кетти.

Ошондой эле кайрылууда Кыргызстан Борбор Азияда аймактык кызматташтыкка өзгөчө маани берери жана аймактык пикир алышуу аянтчаларына активдүү катышары айтылды.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин президент 21-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасаган.