БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 15-сентябрь күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы токой чарбасын жетектеген адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.
"Токой чарбасына жооптуу адамдар өрттү алдын алуу жана токойчулук иштерин жүргүзүү үчүн эки миллион сомго бааланган тендерлерди өткөргөндүгү аныкталды. Алардын жыйынтыгы менен "А" жана "А.А" ЖЧКлары жеңүүчү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт
Бирок Финполдун билдирүүсү боюнча, иш жүзүндө тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүшкөн.
"Акча ЖЧКлардын эсептерине которулгандан кийин токой чарбасынын директорунун көрсөтмөсү боюнча каражат кайра башкы бухгалтерге берилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Иштин бардык жагдайлары изилденгенден кийин токой чарба директорунун, башкы бухгалтердин, ошондой эле ЖЧКнын жетекчилеринин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.