Шейшембиге карата аба ырайы

22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда жаан, кар жаап, бийик тоолуу аймактарына кар түшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 22-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +14...+19 градус болору болжолдонду.

Бишкекти ала булут каптайт. Ал эми Ошто күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +22...+24, Ошто +25...+27 градуска жетет.