Бишкекте узаган аптада мас айдоочулар көбүрөөк кармалды

19-сентябрь, ишембиде Кайгуул милициясы ичимдик ичип алып руль башкарган 33 айдоочуга протокол толтурган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада өткөн жумада андан мурунку аптага салыштырмалуу мас болуп рулга отурган айдоочулар көп болду. Бул туурасында Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдөн жумага чейин 87 адам ичип алып автоунаа айдап баратканда токтотулган. Андан мурун 7-сентябрдан 12сине чейин 67 мас айдоочу аныкталган болчу.

Узаган жумада жалпы жонунан Бишкекте 5 447 (мурунку жумада 5 663) жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Алар төмөндөгүдөй:

  • терезелерин мыйзамсыз түрдө караңгылатуу — 24 айдоочу (мурунку аптада 19);
  • документи жок автоунаа айдоо — 111 (мурунку аптада 112);
  • башка эреже бузуулар — 5 225 (мурунку аптада 5393).

Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп

Ошондой эле жети күндүн аралыгында 700 машина айып короого киргизилди. Анын ичинен 169у эвакуатор менен жүктөлүп келген.

Ал эми ишембиге караган түнү (19-сентябрда) Кайгуул милиция ичимдик ичип алып руль башкарган 33 айдоочуга протокол толтурган.