Ташкентте 19 жаштагы кыз үйлөнбөй койгон жигитинин машинасын өрттөп салды

Тергөө учурунда сүйүшкөн жаштар чынында эле бир нече убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнү аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ташкенттин Үчтепа районунда үйлөнүүгө макул болбой койгон жигиттин автоунаасын сүйгөн кызы өрттөп жиберди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-сентябрда, райондук милиция бөлүмүнө Ситора Г. аттуу 19 жаштагы кыз Lacetti Jentra үлгүсүндөгү автоунааны өрттөп жибергени туурасында билдирүү түшкөн.

Аталган машина кыздын сүйгөнү Асилбек Н. аттуу 23 жаштагы жигитке таандык болгон.

Жашоону эмнеден баштоону билбей турам. Күйөөсү башкага кетип калган келиндин каты

Тергөө учурунда жаштар чынында эле бир нече убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнү аныкталган.

"Жигит кызга үйлөнүүгө убада берген, бирок кийинчерээк сөзүнө турбай кетип калган. Буга ызаланган кыз анын машинасынын ичи-тышына бензин чачып өрттөп жибирген", — деп айтышкан милициядан.

Учурда жагдайдын чоо-жайы териштирилип жатат.