Пандемия башталгандан бери медициналык таштанды көбөйүп, өзгөчө маскалар туш келди ыргытыла баштады. Бул биз үчүн дагы бир "бет кап пандемиясы" болуп калды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок.
"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет
"Коронавирус илдети күчөп, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылган маалда медициналык таштандылар көп чыгып жатты. Аны утилизациялоонун өзүнүн эрежеси бар. Бул калдыктарды ар ким эле тазалай бербейт. Жадагалса "Тазалык" муниципалдык ишканасынын буга уруксаты жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын тендер менен тандалып алынган ишканалар тазалап жатышты. Жашырганда эмне, оору жугузуп алабызбы деп калдыктарга жологондон да корктук. Аны алып кетүүчү ишкана бир саат кечиксе эле, качан алып кетет деп чый-пыйыбыз чыгып жатты. ӨКМ, Санэпидкөзөмөл департаменти жана Санитардык-экологиялык инспекция бул жаатта көзөмөлдү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Азыркы учурда шаарыбыздагы төрт районго жалпы 16 бала бөлүнүп, бизнес жасаган жайлардын айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты тыкыр текшеришүүдө. Талапты бузган жактарга эки ирет эскертүү берип, үчүнчүсүндө айып пул салабыз. Марттан бери эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча иштеп жатабыз. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин таштанды ыргыткандар көбөйүп, айрыкча бет каптарды туш келди ыргытып, отургучтарды талкалаган тартипсиздер көбөйдү", — деди Алмамбетова.
Калаа мэринин кеңешчиси жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндөргө эскертүү бербестен дароо айып пул салынарын эскертти.