Түндө Таласта кар жаады. Видео

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө күндүн көзү бузуларын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Талас облусунун айылдарына түндө калың кар жаады. Жергиликтүү тургундар кардын видеосун тартып социалдык тармактарга жүктөп жатат.

Авторлор кар Талды-Булак айылында (мурдагы Жылкы завод) жаап жатканын айтып, жолго чыккан айдоочуларга эскертүү беришүүдө. Кадрдан кар калың эле жаап, шамал болуп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.