Бишкектеги 6 ооруканага борборлоштурулган кычкылтек орнотууга тендер өтөт

Кээ бир медициналык мекемелердин бирөөсүн жабдуу менен камсыздоого 2,7 миллион сом керектелсе, айрымдарына 10,9 миллион жумшалат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектеги алты ооруканага товар ташып жеткирүү жана борборлоштурулган кычкылтек менен газификатор системасын киргизүү үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, тендерди "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" өткөрөт. Жогоруда аталган жумуштар менен алектенген компаниялар 23-сентябрда саат 12.00гө чейин кайрылса болот. Конкурстук документтерди кароо ушул эле күнү саат 14:00дө башталат. Анын жыйынтыгы тендердин бардык катышуучуларына почта аркылуу жөнөтүлөт.

Өкмөт: ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тездетүү керек

Жумуштар төмөнкү ооруканаларда аткарылат:

  • №1 шаардык клиникалык оорукана, сметасы — 7 миллион 614,9 миң сом;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана, сметасы — 2 миллион 781,8 миң сом;
  • №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасы, сметасы — 2 миллион 573,2 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Ахунбаев клиникасы жана Урология корпусу, сметасы — 8 миллион 950,7 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Согуштун ардагерлери корпусу, сметасы — 7 миллион 618,9 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Нейрохирургия жана көз корпусу, сметасы — 10 миллион 979,2 миң сом.

Конкурстун шарт-талабы тууралуу кенен маалымат Экономика министрлигинин сайтына жарыяланды.