Радио

Кучумкулов: жарандар жашаган жеринен автоунаасын каттата алат

Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов жарандарга кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Кучумкулов: жарандар жашаган жеринен автоунаасын каттата алат

Айдоочу кайсы жерде жашаса, ошол жерден автоунаасын каттата алат. Мурдагыдай катталган жериндеги тиешелүү органдарга баруунун кажети жок. Бул тууралуу Бахтияр Кучумкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул өлкө ичинде сатып алынган автокөлүктөргө гана тиешелүү.

Кыргызстанда автоунааны убактылуу жашаган жеринен каттатууга уруксат берилди

"Буга чейин кайсы жерде өзү катталган болсо, автоунааны ошол аймактагы органдан гана каттатууга мүмкүн болчу. Учурда бул жеңилдетилип, жашаган районунда эле каттатып алса болот. Ал эми чет жактан алып келинген унааларды алгачкы каттоого алууда башка тийиштүү эрежелер бар. Мисалы, ЕАЭБден келген машиналарды алгач ошол жактан каттоодон чыгарыш керек. Анан автоунаага транзиттик номер берилип, чек арадан тиешелүү документтерге ээ болот. Бул иштерден кийин гана Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнөн техникалык кароодон өткөрүлүп, бардык текшерүүлөр жүргүзүлүп, анан каттоого алынат", — деди Кучумкулов.

Ошондой эле ал бул иштер өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында ишке ашып жатканын кошумчалады.