Радио

Жыргалбаев: уйдун сүтүн эки эсе көбөйтө турган силос даярдап жатабыз

Улуттук кыргыз сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев өлкөдө асыл тукум малдын саны өтө аз экендигин айтты.
Sputnik
Жыргалбаев: уйдун сүтүн эки эсе көбөйтө турган силос даярдап жатабыз

Бизде породасы этке же сүткө багытталган асыл тукум ача туяктуулар абдан аз. Андыктан кадимки эле короодо кармаган уйдун жана бодо малдын сапатын арттыруу үчүн тоют иштеп чыкканбыз. Бул тууралуу Нурбек Жыргалбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тоют шекер менен ачытылып жасалгандыктан, малдын организмине пайдалуу тирүү бактерияларды берет.

"Бул тоютту ача туяктуу малдын баары жей берет. Мисалы, 10 литр сүт берген уй 2-3 жуманын ичинде 22 литрге чейин сүт берип баштайт. Ошону менен бирге эле эти да май баспай даамдуу, жумшак болуп, сапаты жакшырат. Койлорго күнүнө 7-8, ал эми уйга 20 килограммга чейин берүү талапка ылайык. Бул ачытылып жасалган силос болгондуктан алгач малга 2-3 килограммдай кургак чөп же саман берип туруу зарыл. Тоютка туз кошулбай жасалат жана баасы да чөпкө караганда 5-6 эсе арзан түшөт", — деди Жыргалбаев.

Ишкер аталган силосту ар бир фермер өзү жасап алса болорун кошумчалады.