Кыргызстанда автоунааны убактылуу жашаган жеринен каттатууга уруксат берилди

ЧПУ: kyrgyzstan-avtounaa-kattoo "Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалганы маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мунун жардамы менен транспорт каражаттарын каттоо процесси автоматташтырылганы айтылат.

"Кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери кайсы жакта экенине карабай, автоунаасын учурда жашап жаткан дареги боюнча каттата алат. "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында бирдиктүү база түзүлдү. "Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалды", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстанга автолорду мыйзамсыз алып кирген схема ачыкталды

Бул системанын алкагында катталган транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар чогултулуп сакталып турат. Кийин ошого карап автоунаага анализ жана мониторинг жүргүзүлөрү белгиленет.