Кыргызстандын эгемен тарыхтагы карызынын көлөмү рекорддук чекке жетти

Соңку айларда өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү тездик менен өсүп жатат, буга пандемия маалында алынган кредиттер себеп болду. 
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Финансы министрлигинин соңку маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү эгемен тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Июль айынын аягында мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү. Анын көлөмү соңку айларда тездик менен өсүп жатат, май айынын аягында биринчи ирет 4,7 миллиардды чапчыган. Андан кийин июль айында дагы өсүп, 4,8 миллиард долларга жетти.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Буга чейин 2018-жылы январда сырткы карыздын көлөмү эң жогорку чекке жетип 4 миллиард 139,3 миллион долларды түзгөн. Бирок Россия 240 миллион доллар насыясын кечип жибергенине байланыштуу кайра бир аз азайып калган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жактан 334 миллион доллар келип түштү. Өкмөт жалпы жонунан чет элдик донорлордон 627 миллион 330,4 миң доллар алууга ниеттенип жатат. Бул сумманын 461 миллион 522,9 миң доллары кредит, 165 миллион 807,5 миң доллары грант түрүндө берилмекчи.