Nexia бакты сүзүп, Cefiro каналга түшүп кеткен. 4 адам жол кырсыктан көз жумду

Каналга түшүп кеткен автоунаада бир эркек, бир аял болгон. Ал эми бакты сүзгөн машинанын ичинде төрт жигит бараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Дачное айылындагы каналга автоунаасы менен түшүп кеткен эки кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага ылайык, 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында айылдагы каналга Nissan Cefiro үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткен. Анын ичинде 31 жаштагы эркек жана 36 жаштагы аял болгон.

Эртеси, 9-сентябрда, куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 10:35те автокөлүктү суудан чыгарышкан. Алар автоунаанын ичинде отурган бойдон мерт кеткен эки адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тажияга бара жаткан кошуналар. Казармандагы 8 адам көз жумган кырсыктын чоо-жайы

Мындан сырткары, 10-сентябрга караган түнү саат 00:26ларда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жигит мүрт кеткен, дагы бир жүргүнчү ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн. Эки адам Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Төртөө тең 25 жаштагы жигиттер экени айтылат.