Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Эске салсак, парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып жатат. Бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышуу укугун алды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармашты.

Тактап айтканда, саясий партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Алар:

  • "Биримдик" — 1;
  • "Мекенчил" — 2;
  • "Ыйман нуру" — 3;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 4;
  • "Реформа" — 5;
  • "Ата Мекен" — 6;
  • "Замандаш" — 7;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 8;
  • "Cоциал-демократтар" — 9;
  • "Мекен ынтымагы" — 10;
  • "Афганистан согушунун ардагерлери" — 11;
  • "Ордо"— 12;
  • "Бир бол" — 13;
  • "Республика" — 14;
  • "Кыргызстан" — 15;
  • "Чоң казат" — 16.